КСДП фракциясынын депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги №71  мектеп-интернатында окуучулар менен жолукту.

Жолугушууда эл өкүлдөрү балдарды майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо, тилектерин айтышып, кең келечек, окууларына ийгилик, жетишкендиктери каалашты.

ЖК депутаттары балдардын укуктарын, социалдык кызыкчылыктарын коргоо багытында мыйзам долбоорлорун демилгелеп, аларды ишке ашырууга аракеттерин кылып жатканын айтты.

“Жакшы окугула, китеп менен дос болгула. Китепти көп окусаңар, келечекте илимдүү, билимдүү адамдардан болуп, келечегиңер кең болот. Тил үйрөнгүлө. Жакшы тилек – жарым ырыс дейт. Алдыңарга жакшы ниет, максат коюп, ошого аракет кылсаңар, бардык максаттарыңарга жетесиңер. Жайкы каникулуңар куунак, көңүлдүү өтсүн”, —  деди А. Нурбаев.

Эл өкүлдөрү  өздөрүнүн белектерин берди. Футбол, волейбол топтору, теннис ракеткаларын окуучуларга тапшырышты.