Казакстандык авиакомпания Астанадан Бишкекке учкан кардарлары үчүн бонус кошуп койду. 8-июндан 8-сентябрга чейин Көлгө эс алууга бараткандарды компания өз эсебинен жеткирет.
Air Astana’нын сайтында жазылгандай, Бишкектен Чолпон-Атага жумасына үч жолу ыңгайлуу автобус каттап турат. Акысыз жетип алуу үчүн кардарлар компанияга 2 күн эртерээк кайрылышы керек болот.
Ысык-Көлгө бара жаткан жүргүнчүлөрдү “Манас” аэропортунда компаниянын өкүлү тосуп алып, автобуска узатып коёт. Чолпон-Атага жеткирген соң кардарлар каалаган багытына такси менен жетип алса болот.