Мамэкотехинспекция тарабынан  өрт коопсуздугу боюнча банктар текшерилди.

“Аманбанкта” 9 мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен 5 өрт коопсуздугунун эрежелери бузулган. Ал эми “БТА Банкта” 9 эреже сакталган эмес. “Оптима Банкында” болсо 6 мыйзам бузуу катталды.

Аныкталган өрт коопсуздугу боюнча талаптарын аткарууга көрсөтмөлөр берилди.

Ошондой эле, КМШнын өкмөт башчыларынын отуруму өтө турган мекеме, ишканалардын өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.