Нигерия армиясы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы жүргүзгөн операцияда Боко Харам террордук уюму барымтага алган 247 кишини куткарып алды.

Бул тууралуу Нигерия армиясынын басма сөз катчысы Сани Усман билдирген.

Анын берген маалыматына караганда, Борно аймагындагы жүргүзүлгөн операцияда куткарылган адамдардын 134ү жаш балдар жана 71и аялдар болгон. Куткарылган кишилердин абалын текшерип, андан соң реабилитациялоо бөлүмүнө жиберишкен.

Операция учурунда Боко Харамдын 77 мүчөсүн барымтадагылар менен алмашып, бир канчасын да өлтүрүшкөн. Андан башка өлкөнүн түндүк аймагында улантылган операцияларда соңку апталарда жүзгө жакын барымтадагылар куткарылган.

Боко Харам террордук уюму Африканын эң көп калктуу өлкөсү Нигерияда (160 млн) 2000-жылдан бери өз аракеттерин жүргүзүп келет.  Уюмдун лидери Мухаммед Йусуфтун 2009-жылдагы өлүмүнөн кийин террордук чабуулдары 17 миң кишинин өмүрүн алган. Андан тышкары, Боко Харамдын ар кандай чабуулдарынан улам 2 млн киши коңшу Камерун, Бенин, Чад жана Нигер өлкөлөрүнө жер которууга аргасыз болушкан.

Булак: haberler.com