Бул мобилдик колдонмонун өзгөчөлүгү – бир нерсе сатып алып же бир кызмат көргөндөн кийин акча короткон адамга бонус түшөт. Ал бонусту кайрадан каалаганча иштетип же накталай акчага алмаштырып алууга болот.

Жаңы технологиялык sturt up иштеп баштаганына бир ай толо элек. Аны кыргыз ишкерлери ойлоп таап, өлкөдө бул сыяктуу башка колдонмо жок экенин айтышат. Азыркы учурда Elbonus’ка 70тей компания катталды.

Колдонмонун иштөө системасы абдан жөнөкөй. Elbonus’ка катталуу акысыз. Ага кирген компаниялар жана адамдар бири-бирине жеңилдетүү кылып беришет. Кардар үчүн бул көбүрөөк сатып алууга өбөлгө болсо, товар саткан же кызмат көрсөткөн компания үчүн туруктуу кардар бар болуп турганы пайдалуу.

Долбоордун демилгечиси Руслан Ашымовдун айтымында, 2 жылдын ичинде 100 миңден ашуун колдонуучуну каттоо пландаштырылды. Жеңилдик берген компания баасын арзандатуу менен туруктуу кардарга ээ болот. Анткени, кардар бонустарды топтоого кызыкдар.

Колдонмо жөнүндө толугураак маалыматты видеодон көрсө болот. Elbonus учурда Play Market’те жеткиликтүү.

Бөлүшүү