Бундестаг бүгүн «Армения геноциди» мыйзам долбооруна добуш берди. Анын жыйынтыгы Анкараны ачуулантты.

Немис парламенти «1915-1916-жылдардагы окуяларды геноцид» (тукум курут) деп кабыл алды.  Бул мыйзам долбоорун бийликтеги «Бирдиктүү Христиан партиясы» да, оппозициядагы «Жашылдар» партиясы да колдоп берди. Бийликчил партиядан бир гана депутат каршы добуш берген.

Кабыл алынган мыйзам долбоор «1915-1916-жылдардагы Осмон империясында армяндарга жана башка христиан азчылыктарына карата геноцидди эскерүү» деп аталат. Анда бир гана армяндарга эмес, христиан азчылыктарына да карата геноцид болгон деп жазылат.

Отурумда 1915-жылды геноцид деп атаган Бундестагдын төрагасы Норберт Ламмерт «Германия империясы кошо жасаган 100 жыл мурдагы геноцидге бүгүнкү түрк өкмөтү жооптуу эмес. Бирок келечек үчүн жооптуу болууда. Биз коркунучтарды кабыл албайбыз жана багынбайбыз» деп билдирди. Ал эми башка депутаттар да Германия империясын ошол убакта Осмон империясы менен өнөктөш болгонун күнөөлөп, геноцид деп баса белгилешти.

«Ал мезгилде өкмөт билген, бирок эч кандай каршы кыймыл көрсөткөн эмес. Бирок азыркы Германия ал үчүн жооптуу» деп жазылат.

Добуш берүүгө канцлер Ангела Меркель, анын орун басары жана тышкы иштер министри катышкан эмес.

Бул мыйзам долбоорунан кийин армян, грек улутундагылар өз желектерин көтөрүп куттуктап чыгышты. Алар менен кошо Түркиянын оппозициячыл ХДП партиясынын желегин да көрүүгө болот.

Геноцидди кутутктап чыгышты

Анын артынан эле Берлиндеги миңдеген түрк атуулдары Түркиянын желегин көтөрүп, парламент алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Берлинде түрктөр

Армениянын президенти Сарж Саргсян «Bild» аттуу немис гезитине берген маегинде «бир өлкөнүн башчысынын ачуусу келет деп армян геноцидин геноцид деп тааныбай коюу адилетсиздик» деп билдирген.

Түркия бул айыптоолорду четке кагуу менен 1915-жылдагы кайгылуу окуялар армяндар менен түрктөрдө кыргын бирдей болгон деп эсептейт. Бүгүн Эрдоган Кенияда иш сапарда жүрүп жасаган билдирүүсүндө Германиядан элчини чакыртып ала турганын билдирди. Эки күн мурда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул добуш берүү эки өлкө ортосундагы дипломатиялык, саясий, экономикалык жана аскердик мамилелерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эскерткен.

Ал эми Түркиянын премьер-министри Бинал Йылдырым бул мыйзам долбоорду абсурд деп атады. Ошондой эле Германиядагы элчисин чакыртып алды. 2015-жылы геноцид деп тааныган Люксембург менен Австриядан элчилерин чакыртып алган.

Бөлүшүү