Акыркы күндөрү шаар тургундарын түйшөлткөн кырдаал — майда чымындардын көбөйүшү. Көчөдө, үйдө, маршруттук таксилерде, аялдамаларда, айтор булардын болбогон жери жок.

мошкалар

Майда жандыктардын канчалык деңгээлде коркунучу бар? Быйыл өзгөчө көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Алар менен кантип күрөшүү керек экендигин тактап көрдүк.

Эң алгач эле бул майда чымындар эмес, мошка жана мокреца деп аталган канаттуу жандыктардын бир түрү экендигин санитардык-эпидемиялык станциянын адиси түшүндүрүп берди.

Мошкалар узундугу 2-6 мм келген канаттуу жандыктар. Быйыл жаандуу жана нымдуу жаз болгондуктан, булардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Себеби, булар жумурткаларын сууга ташыйт.

мошкалар2

Мошкалар жугуштуу илдеттердин алып жүрүүчүсү болуп саналбайт. Болгону булар инфекциянын очогуна конуп, анан тамакка конгонунан улам ооруну адамга ташышы  мүмкүн.

Ургаачыларына белок керек болгондуктан, көп учурда жүздөп-миңдеп чагат. Бул кытышуу сыяктуу ыңгайсыздык менен кошо кандын кеткендигине байланыштуу адам өзүн алсыз сезиши мүмкүн.

Мокрецалар болсо 1-6 мм узундукта болуп, адамдын кийимине жабышып, көзү-мурдуна кирген түрү да дал ушул.

Коргонуу чаралары жөпжөнөкөй:

«Биринчиден, нымдуулукту сүйгөн жандыктардын көбөйүүгө шарт түзбөш үчүн короонун тегерегиндеги ным, суу жерлерди кургатуу керек. Таштанды көп болгон жерлерде чымын-чиркейлер да көп болот. Тазалоо менен бирге үйдүн терезе-эшиктерине москиттерге каршы торлорду коюу керек»,- дейт адис Зайнидин Мамыров.

Андан тышкары, натыйжалуу күрөшүү үчүн мүмкүнчүлүк болсо, үйлөрдө дарылоо жүргүзүү керек экендигин кошумчалайт. Бул майда чымындар коркунуч жаратпагандыктан, аларды санэпидемстанция көзөмөлгө албаганын билдирди.

Мошка жана мокрицалардын атайы оору жугуза турган жандыктардын түрү Кыргызстанда жок.

Негизинен күндүн ысышы менен «тажатма майда чымындар» да бара-бара жок болот деген оюун билдирди Мамыров.