Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ЖК жыйынында билдиргендей, баардык каражаттар нейрохирургиялык борборду курууга жумшалат.

Анын айтымында, өлкөдө 11 нейрохирургиялык борбор болсо, анын бири да бүгүнкү күндө заманбап стандартка туура келбейт жана акыркы 25 жылда жаңыланган эмес.

«Келишимдин негизинде Кувейттик араб экономикалык өнүгүү фонду улуттук оорукананын аймагында заманбап жабдуулары бар нейрохирургиялык борбор курууга 6 млн кувейттик динар, бул 20 млн доллар бергенге даяр. Оорукана 8 кабаттуу болуп, 180 орунга ылайыкташтырылат»,- дейт министр

Кредит 26 жылга 4 жылдык жеңилдик мөнөөтү менен, жылына 1% пайыз үстөгү менен берилет.

«Бул долбоор 2018-жылы ишке ашырылат деген ишеничтебиз», — деп саламаттык сактоо министирлигин эл аралык кызматашуу бөлүмүнүн башчысы Садырбек Кубатбеков кошумчалады.