Уюм менен Вьетнамдын ортосунда түзүлүп жаткан эркин соода аймагы 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат.

Президент Атамбаев Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен Вьетнам ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууну бүгүн ратификациялады.

Мыйзам 2016-жылдын 25-майында Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган болчу.

Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт. Товардык позициялардын бир бөлүгү боюнча биринчи баскыч макулдашуу күчүнө киргенден башталат, калган бөлүгү боюнча экинчи баскыч – кыска өткөөл мезгил ичинде.

Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.

Ички рынокту коргоо, лицензиялоо, төлөм баланстарын коргоо чаралары, өнөр жай жана айыл чарба товарларына субсидия берүү маселелери боюнча Макулдашууда Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алкагында тиешелүү ченемдери инкорпорлоштурулган. Мында антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонууда  ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Вьетнам тарабынан жеке тараптар катары каралат. Мындан тышкары, өсүп жаткан импорттон тобокелдиктерди тезинен төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу эки тараптуу коргонуу чараларын колдонуу каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү