Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) Кытай менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Эки жылдын ичинде бир чечим кабыл алынып, келишим түзүлөт.

Орусиянын биринчи вице-премьери Игорь Шувалов буга ЕАЭБге кирген бардык мамлекеттер макулдугун берди деп журналисттерге айтты. Бирок ал сүйлөшүүлөр татаал болот деп кошумчалай кетти.

Шуваловдун айтымында, Пекин ЕАЭБ кытай товарлары үчүн бажы төлөмдөрүн азайтып же биротоло алып салууну каалайт. Бирок уюм бул боюнча бир чечимге келе элек.

ЕАЭБдин алдыңкы экономикалары болгон Орусия менен Казакстан Кытайга мунай жана металл сыяктуу көбүнесе чийки заттарды экспорттойт. Ал эми Кытайдан текстилден тартып электроникага чейин түрдүү товарларды импорттойт. ЕАЭБ менен ушундай кызматташууга дагы бир ири мунай өндүрүүчү Иран кошулушу мүмкүн.

Булак: reuters.com