Мусулмандардын ыйык рамазан айы келе жатат. Рамазандын негизги ибадаты, 5 ыйык парздын бири 30 күн орозо кармоо болуп саналат. Бир айда бир гана тамак ичүүдөн тышкары эмнелерге тыюу салынат?
Диний серепчи Умар Кулов орозодогу айрым талаш маселелер боюнча saat.kgге айтып берди.
«Орозо убагында адамдын өзүнүн шийлекейин жутса болот, ага уруксат берилген деп эсептелет. Өзүнүн ички органынан чыгып жаткан нерсени жутуу табигый көрүнүш. Эгер шилекей же түкүрүк ооздон сыртка чыгып, кайра жута турган болсо, анда бузулуп, ооз ачылып калат. Ошондой эле паста колдонууда да абайлоо керек. Анткени, анын даамы ашказанга кирип кетиши мүмкүн. Анын ордуна мисвак дарагын колдонсо болот же оозду суу менен таза чайкап жүрүш керек», — дейт адис.
Ал эми Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Улан Усупов орозодогу тыюулар өтө оорчулукту жаратпайт, жок жерден динди оорлотпош керек деп эсептейт.
«Ислам — жеңилдетилген дин. Орозо убагында сууга такыр түшкөнгө болбойт деген туура эмес. Эгер ысып кетсе, сергип чайканып алганга болот. Мисалы, бассейнде сууга түшүүгө уруксат. Бирок кулактан, мурдунан суу кирбеш керек. Биринчиден, кулак-мурун жана башка ички системалар туташ. Ал бир саат, эки саат туруп, баары бир ашказанга жетет. Экинчиден, орозодо сөзсүз ашказанга кирген эмес, денеге кирген нерсе орозону бузат. Ошондуктан, билип туруп сууга түшүп, орозону бузуп алса, 60 күн карыз болуп, аны кармап бериши керек», — дейт.
Дагы бир талаш болуп келе жаткан орозонун эрежелеринин бири ийне саюу боюнча. Эгерде глюкоза, антибиотик болуп аны жамбаш, кан, булчуңга куйса, бузулбайт. Ал эми адамга күч кубат берүүчү азык-түлүк катары ийне сайылса, анда орозо бузулат деп тастыкташат диний серепчилер.
Быйыл рамазан айы 6-июнда башталат.