Бүгүн Уфада (Орусия) бешинчи ирээт кыргыз-орусиялык регион аралык конференция өтүүдө. Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов Орусиядан келген инвестициялардын көлөмү былтыр эки эсе өскөнүн айтып берди.
Ошону менен бирге 2015-жылы Кыргызстандын Орусияга экспорту 28,6%га көбөйгөнүн белгиледи.
“Былтыр биздин өлкөлөрдүн товар алмашуусу 1,4 млрд долларды түздү. Бул Кыргызстандын чет өлкөлөр менен жүргүзгөн экспорт-импорттук операцияларынын 24,9%ына барабар”, — деп билдирди Панкратов.
2015-жылы Орусиядан Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү 118,2 млн долларды түздү.