Фермер Чыңгыз Жумагуловду укук коргоо органынын кызматкерлери коркутуп жатат деп жарыя кылды.
Райондун айрым жашоочулары маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаевге бул маселени кароо үчүн кайрылуу жасашты.
Жергиликтүү жашоочу Топчубай Токтокораевдин айтымында, 28-майда 3 автоунаа менен анын үйүнө беткапчан адамдар эшиктерин сындырып, кирип келишкен.
“Алар Чыңгыз Жумагуловду издеп жүргөнүн айтышты. Өздөрүн опер кызматкерлери деп тааныштырды. 12 жашар баланын колун сындырып, жумушчуларды сабашты. Чыңгызды издеп таппай кетишти”, — дейт ал.
Алар милициялар Жумагуловду эмне себептен издеп жүргөнүн билишпейт экенин кошумчалашты.
“Чыңгыз биздин районго 8 мечит, спорт комплекстерин куруп, элге жардамын берип жүрөт”, — деди Токтокораев.