Акаев, Бакиев үй-бүлөсүн саясатка аралаштырып сындалып келсе, Алмазбек Атамбаев жансакчыларын, жардамчыларын, ал тургай айдоочусун жакшы кызматтарга дайындаганы талкууланып келет.  Алар кимдер?

Абдиль Сегизбаев

Сүрөт: who.ca-news.org
Сүрөт: president.kg

Убагында мурунку президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болуп саясатка аралашкан. Андан кийин Атамбаевдин бийлиги орнотулгандан тарта анын ишеничине кирип, жардамчысы, кеңешчиси, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келет. Азыркы учурда УКМКны жетектейт.

Икрамжан Илмиянов

Илмиянов Атамбаев менен
Сүрөт: mk.kg

Илмияновду көпчүлүк Атамбаевдин айдоочусу катары тааныйт.  Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин азыркы президенттин жардамчысынан президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарына чейин көтөрүлгөн. Бирок ал дарегине ар кыл каралоолор айтылып жаткандыктан, кызматтан бошотууну суранып кетип калган. “Вечерний Бишкек” басма үйүн басып алууга Илмияновдун тиешеси бар деген сөздөр чыгып кеткен. Ошондой эле, Илмиянов Кыргызстандагы кадр маселесин чечет деген сөздөр да айтылып келет. Азыр президенттин кеңешчиси.

Болот Сүйүнбаев

Сүрөт: akipress.kg
Сүрөт: akipress.kg

Кечээ УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалган Сүйүнбаев бир кезде ал дагы Атамбаевдин жансакчыларынын бири болгон. Ал буга чейин УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Дамир Мусакеев

Сүрөт: president.kg
Сүрөт: president.kg

Болот Сүйүнбаевдин ордун ээлеп, 9-бөлүмдүн башчысы болуп дайныдалган. Ал дагы Атамбаевдин жансакчыларынын бири экенин айтышууда. Бирок ал тууралуу коомчулукта маалыматтар анчалык деле көп эмес.

Улан Исраилов

Сүрөт: mk.kg
Сүрөт: mk.kg

УКМКнын антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраилов бир убакта Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп келген. Ал аталган кызматка келгенде активисттер арасында чоң талкуу жаралган. Анткени ал УКМКнын иши менен тааныш эмес болчу. Бирок президент аны таза иштеген кадр катары сыпаттап, ишенгени үчүн Коррупцияга каршы кызматтын башына койгонун билдирген.

Бөлүшүү