КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Норвегиядан келишкен Осло борборунун өкүлдөрү Эйнар Стенсес жана долбоордун координатору Анна Хусхагенди кабыл алды.
Жолугушууда негизинен парламентаризм, аны өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жаатында сөз болду. Осло борборунун өкүлү Эйнар Стенсес депутаттар үчүн семинарларды уюштурууну пландап жатканы боюнча маалымат берди.
Ошондой эле, ал семинарды уюштурууда ар кандай сунуш, пикирлерди эске алууга даярдыгын кошумчалады.
Иса Өмүркулов өз сөзүндө Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөнүнө аз эле болгонун жана парламентаризм учурда өнүгүү жолунда экенине токтолду. Демократиялык системаны, парламентаризмди өнүктүрүү жаатында жакындан, тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.