Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөрү менен жолукту. Атайын иш сапар менен АКШ Конгрессинин өкүлдөр Палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” Комиссиясынын төрагасы Питер Роскан жана анын мүчөлөрү келген.

Жолугууда кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Президенттин аппараты билдиргендей, тараптар кыргыз парламентинин ишмердигин мындан ары жакшыртуу, ошондой эле өлкөдө демократияны чыңдоо үчүн Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн маанилүү экендиги тууралуу ойлорун ортого салышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү