Китеп Жусуп Абрахмановдун өз колу менен жазылган күндөлүктөрүнүн, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн топтомунан туруп, буга чейин орус тилинде бир нече жолу басылып чыккан эле.

Мамтил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Абдрахмановдун кыргыз эли үчүн, кыргыз тили үчүн кылган эмгеги ат көтөргүс чоң экенин белгилөө менен, аталган китеп жөн гана публицистикалык жанрдагы адабият эмес, тарыхый баалуу мурас экендигин билдирди.

Иш-чаранын соңунда толкундануу менен ыраазычылыгын билдирген Ленина Абдрахманова китепти кыргыз тилине которгон Назгүл Осмоновага ак батасын берип, белегин тапшырды.

Ж. Абрахмановдун ишмердүүлүгү, өмүр жолу аркылуу кыргыздын тарыхын чагылдырган “1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар” китебинин бет ачарына келген конокторго китептер белекке берилди.