Кыргызгидромет тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталып турганын кабарлайт. Буга аба ырайы туруксуз болуп жатканы себеп.

3-6-июндарда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан нөшөрлөп жаашы күтүлөт.

Бишкекте бүгүн күндүзү бүркөө болуп, жаан жаашы мүмкүн. Бирок жалпысынан күн ачык болот. Абанын температурасы 30 градуска чейин ысыйт.

Ош шаарында дагы жаан-чачын ыктымалдуулугу бар, бирок жаабайт деп күтүлүүдө. Күн 31 градуска ысыйт.