Аскерий соттун өкүмү менен экс-премьер Данияр Үсөнов дагы эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылды. Ал эми Курманбек Бакиевдин бир тууганы Марат 27 жылга кесилди.

Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) экс-төрагасы Мурат Суталинов сотто камакка алынып, 20 жылга отургузулду.

Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасынын мурунку орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов 25 жылдан кесилди.

Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Каныбек Жороев, мурунку баш прокурор Нурлан Турсункулов, экс-мамкеңешчи Элмурза Сатыбалдиев жана президенттин катчылыгынын мурунку башчысы Оксана Малеваная 10 жылдан эркинен ажыратылып, бардык мүлкүн мамлекетке өткөрүп бериши керек. Үчөө камакка алынган, ал эми Малеваная издөөдө жүрөт.

“Альфа”  жана “Арстан” атайын бөлүмдөрүнүн экс-командирлери Алмаз Жолдошалиев менен Байыш Эсенбай уулу алты жылдан отурмай болду. Алардын кол алдындагы аскерлер акталып, эркиндикке бошотулду. Мурунку коргоо министри Бактыбек Калыев дагы жоопко тартылган жок.