Кечээ АКШда эки башка авиашоуда бир нече сааттын ичинде эки учак кулады. Алардын бирине өлкө президенти Барак Обама катышып жаткан.
Колорадо штатындагы авиабазада аскерий аба күчтөр академиясынын бүтүрүү салтанаты болуп жаткан. Ал бүткөндөн кийин Thunderbirds тобунун F-16 учагы шоу катары учуп, бирок элдин көзүнчө кулап түштү. Көрүүчүлөрдүн арасында Обама дагы бар эле.
Учкуч катапультаны колдонууга жетишип калган. Андан кийин Обама аны менен жолугуп, өлкөгө кызмат кылып жатканына ыраазычылык айтып, жарадар болбогонуна сүйүнгөнүн кошумчалады.
Экинчи учак болсо Теннеси штатындагы авиашоуда кулап түштү. Аскерий деңиз күчтөрүнүн Blue Angels тобуна тиешелүү F-18 учагы Смирна шаарына жакын жерде кулады. Мунусунда учкуч каза болгону кабарланат.
Булак: tengrinews.kz