Президент Алмазбек Атамбаев Европалык тышкы иштер кызматынын баш катчысы Ален Ле Руаны кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Мамлкекет башчы парламенттик шайлоону биометрикалык технология менен таза өткөргөнгө жардамын көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2017-жылы президенттик шайлоонун өтүшүнө дагы жардам берет деген ишенимде экенин белгиледи.

Ален Ле Руа Европа биримдиги Кыргызстандагы демократиянын түптөлүшүн колдой турганын билдирди. Ошол багытта кызматташуу керек экенин кошумчалады.