Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү алардын жетекчиси Калык Мамбетакунов майыптарга курулган батирлерди туура эмес бөлүштүргөнүнө нааразы. Ак үй алдына 100дөй киши чыкканын айтышууда.

Алардын айтымында, Мамбетакунов батирди туугандарына бөлүп берген.

Ошол эле учурда Калык Мамбетакуновдун дагы тарапташтары аны колдоп чыгышты.

Аталган коом бир нече жолу ушул маселенин негизинде митингге чыгып келет.

Бөлүшүү