Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, азыркы чакырылыштагы парламент жакшы иштеп жатат. Ал учурдагы Жогорку Кеңешти маданияттуу деген оюн айтты.

“Кыргызстандын тарыхына кайрыла турган болсок, 5 чакырылыштагы ЖКда мушташуу, дарбазадан секирүү сыяктуу окуялар менен коштолгон. 2010-жылдан кийин кыйын учурда депутат болушту. Сөз эркиндиги бар болду. Депутаттарды сындаганар көп болду”, — деп Бакетаев парламентаризмди талкуу боюнча талкууда айтты.

Ал президенттик башкаруу жыйынтык алып келбегенин кошумчалады.

“Республика – Ата-Журт”  фракциясынын депутаты Талант Мамытовдун айтымында, президенттик же парламенттик башкаруу боло турганын эл өзү тандаш керек.

“Эл өзүнүн келечегин өзү чечиш керек. 2010-жылы конституцияга өзгөрүү киргизилген. Албетте, парламенттик башкаруунун күнгөй тескейи бар”, — деди эл өкүлү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү