Жер титирөөнүн эпицентри Өзбекстан аймагында, Кызыл-Кыя шаарынан 50 км түндүк-чыгыш узактыкта катталган.

3-июнь күнү түнкү саат 01:17лер чамасында Улуттук Илимдер академиясынын сейсмологиялык институту эпицентри 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын аныктады.

Эпицентрдин координаты — φ = 40° 33´ о.ш. λ =71° 41′.

Кыргызстанга караштуу Алга, Кыргыз-Кыштак айылдарында 3 балл, ал эми Кызыл-Кыя шаарында 2-3 балл болгон. Кырсык катталаган жерде чыгымга учурагандар болгон жок.

Кечээ, 2-июнда, Талас областында да жер титирөө катталып, Баласары, Покровка айылдарында 4 балл, Аралда 3,5 балл, Бакай-Атада 3 балл, Талас шаарында 2,3 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ кабарлады.