Эгер Неймар өтүп кетсе, анда ал тарыхта эң кымбат футболист катары калат.
Азыркы учурда трансфердик рекорд Гарет Бейлге таандык. Ал «Тоттенхемден» «Реал Мадридге» өткөндүгү үчүн 99,7 млн евро төлөнүп берилген.
Буга чейин, «Барселона» жана Неймар мындан ары жаңы контракка келишим түзө албай жатканы жарыяланган. Себеби оюнчу айлыгын көтөрүүнү суранган.
Бирок, «Барсанын» спорттук директору Роберт Фернандес Неймар клубдан кетпей турганын билдирди.
«Неймар бизде ойной бермекчи. Ал «Барселонада» дагы көпкө калат», — деп Twitter аккаунтунда жазды.
🔊 Robert Fernández: "Neymar will continue. He will be here for many years to come" #FCBlive pic.twitter.com/Df2liXO5Xv
— FC Barcelona (@FCBarcelona) June 2, 2016
Испаниялык «Marca» гезити жазгандай, Неймарга франциялык «Пари Сен-Жермен» да кызыгуу арттырып, которулушу үчүн 190 млн евро, ал эми бир жылдык маянасын 29 млн евро төлөп берүүгө даяр.