27-майда Кадамжайда жүргөн селде Opel Frontera унаасы жарга кулап түшүп, ичинде 5 адам каза болгон эле. Бир бала куткарылып, дагы 3 жашар Жороев Элдар ошол күндөн бери изделип жатат.

ӨКМ билдиргендей, министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен издөө иштерине 83 куткаруучу машина тартылып, күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшүүдө.

Сайдын узундугу 150 метр, туурасы 200 метрге чейин жетет. Азыркы убакытта куткаруучулар аянтты 1 метрден 2 метрге чейин тереңдикте казып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнтөн тартып издөө иштерине 1 экскаватор жана издөө ити тартылды.

Бөлүшүү