Юрий Краковецкий жана Отар Бестаев быйыл Риодогу Олимпиада оюндарына катышат.
Бүгүн Кыргызстан дзюдо боюнча улуттук федерациясы официалдуу түрдө тастыктоочу кат алды.
Федерациянын маалыматы боюнча, мелдеш 6-12августта өтөт.
5-10-июнга чейин окуу-машыгуу камылгалары Минск ( Беларусь) шаарында уюштурулат. Ал эми 1-8 июлда дзюдаисттер Барселонадагы окуу-машыгуу жыйындарында барышат.
Бардык жумшалган каражатты эл аралык дзюдо федерациясы көтөрөт.