Чүй облусунун Пригородный айылында бүгүн граната жарылды.
Тез жардамдын кызматкерлери Saat.kgге жардыруу эмнеден улам чыкканын айтып беришти.
«Цехте иштеген жумушчу граната таап алып, колунан түшүрүп жиберген», — деп билдиришти.
Маалымат боюнча, жабыркагадардын арасында балдар да бар. Учурда алардын абалы жакшы.
18-жаштагы өспүрүм №4-шаардык оорукунага жеткирилсе, 4, 6 жана 3 жаштагы кичинекейлер №3 шаардык балдар ооруканасына жаткырылган.
«Бир нече жарат менен келсе да, өмүрүнө коркунуч жаратаарлык эч нерсе жок»,-дешет бул оорукананын дарыгерлери