«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова сел жүргөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак, Жийделик, Орозбеков айылдарынын тургундары менен жолугушуп, селдин кесепеттерин жоюу ишинин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Жолугушуу учурунда Чолпон Султанбекова табигый кырсыкттан каза болгон эки үй-бүлөгө көнүл айтып, аларга материалдык жана акчалай жардам берди. Ошондой эле, депутат селдин кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн ишине көзөмөл жүргүзүүгө убадаларды берди.