Чолпон-Ата шаарындагы Раппорот аллеясындагы 200гө жакын бак жок кылынды.
Окурмандан сүрөттөрдү жөнөтүштү.
Ысык-Көл облусунун ыйгарым өкүлү K-News’ка кабарлагандай, баардыгы болуп 704 бак кыйылат. Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев коомчулуктун нааразычылыгынан улам Раппопорт аллеясын кыюуга тыюу салган болчу.
Раппопорт аллеясы — Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту айылына чейинки трассаны бойлой тигилген бактар.
Аллеянын узундугу 5 чакырымды түзөт. Жолду бойлото терек жана кара жыгач бактар 1934-жылы жергиликтүү жылкы заводунун алгачкы директору Леонид Раппопорттун демилгеси менен тигилген.