2014-жылы өткөн I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыздардын негизги атаандашы болгон Казакстандын командасы келбей калган эле. Жыйынтыгында, көк бөрү боюнча финалга «Кыргызстан-1» жана «Кыргызстан-2» командалары чыккан.

Быйыл 3-9-сентябрда өтчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына казак улакчылары эми келеби? Кайсыл мамлекетер сурамды тастыкташты?

Бул боюнча уюштуруучулар жооп беришти.

«Азыркы учурда 59 мамлекетке чакыруу бердик, расмий түрдө жоопту июлдун аягына чейин күтөбүз», — дейт спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын пресс-катчысы Нурпери Садырбекова.

Сурам жиберилген өлкөлөрдүн арасында Казакстан дагы бар.

«Жакынкы күндөрү тастыктоону кутүп жатабыз. Азырынча команданын келиши туралуу так айта албайбыз», — деди Садырбекова.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттун 23 түрү боюнча, 3-8 сентябрда Чолпон-Ата шаарында болот.

Бөлүшүү