2015-жылдын декабрына карата өлкөнүн тышкы карызы 3 млрд 601 млн 100 миң долларды түзүп турган. Бул ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 64,5%ына барабар. Мыйзам боюнча тышкы карыз 60%дан ашпашы керек.

Бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, каржы министри Адылбек Касымалиев доллар кышында өсүп кеткени үчүн карыз көбөйгөнүн айтып берди.

“Азыркы курс менен эсептегенде карыз 59,9% түзөт”, — дейт министр.

Ал мамлекеттик карыздын көлөмүн өкмөт бекитүүсүн сунуштады. Карыздын чеги эл аралык карыздар туруктуулугуна таянып аныкталып, республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам менен бир же эки жылга каралсын деген оюн айтты.

“Европада өнүккөн өлкөлөрдүн карызы ИДӨгө карата 120%га чейин жетет. Биз мамлекеттик карызды үч көрсөткүч менен көзөмөлдөп турабыз. Биринчиден, карызды төлөгөнгө кеткен каражат бюджеттин 20%ынан ашпашы керек. Бизде учурда 9,9% түзөт. Экинчиден, карыздар бюджеттин кирешесине карата 250%дан ашпашы керек. Үчүнчүдөн, көрсөтүлгөн наркы 36%дан ашпашы шарт. Биз бул нормаларды сактап жатабыз”, — дейт Касымалиев.

Бөлүшүү