Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведевдун жолугушуусунда коюлду.

1.Мунай жана мунайзатты ташуу боюнча кызматташтык жөнүндө кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин долбоору;

2. Социалдык-эмгек тармагында кызматташуу жөнүндө КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Орусия Федерациясынын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы келишимдин долбоору;

3. 2016-2017-жылдарга эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу программасынын долбоору;

4. Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору;

5. Мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки өлкөнүн ортосундагы меморандумдун долбоору.

Эске салсак, Дмитрий Медведев Кыргызстанга бүгүн келди. Ал 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

Бөлүшүү