Рейтингди түзүүдө илим жана технологиянын, маданияттын өнүгүшү, коопсуздукту камсыз кылуу деңгээли жана ушул сыяктуу баш-аягы 35 көрсөткүч эсепке алынат.

Жаңы чыккан тизмеде 163 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 105-орунга коюлду. Орто Азия мамлекеттеринен рейтингге Казакстан гана кирип, 110-орунду ээледи. Тажикстан менен Өзбекстан көрсөтүлгөн эмес. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Кытай 67-орунда.

КМШга мүчө мамлекеттердин арасынан Орусия 72-орунду ээледи. Беларусь – 79, Армения – 82, Азербайжан – 97.

Бөлүшүү