Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусу туура чечим болгонун айтты.

“Мындан кийин дагы бардык пландар ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем. Ошондой эле газ ташуу системасын өнүктүрүү керек “, — дейт С. Жээнбеков.

Ал эми Медведев Орусиядан газ тармагына инвестиция келе турганын билдирди.

Орусиянын өкмөт башчысы эки өлкөнүн экономикасында кыйынчылык бар экенин айтып, бирок бул кыйынчылыктарды биргеликте жеңүү зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Дмитрий Медведев Кыргызстанга бүгүн келди. Ал 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү