Өлкөдө референдум өтүп, калктын 78% мамлекеттен 2500 франк (болжолу 2500 доллар) төлөм алып турууга макул болбой койду. “Милдеттүү негизги кирешеден” баш тарткандардын саны буга чейин сурамжылоолор көрсөткөндөн дагы көп болуп чыкты.

Жергиликтүү саясатчылар жана бизнесмендер референдумдун жыйынтыгын кубаттаганын айтып чыгышты. Алар “Биз акча табыш үчүн иштейбиз, биздин маянабыз иштегенибизден көз каранды” деген ойду айтып жатышты.

Саясий ишмерлердин арасында “Милдеттүү негизги кирешени” бир гана “жашылдар” колдоого алды. Алар референдум өтпөй калды деп эсептебестен, бул маселе кайра дагы көтөрүлүп турат деген ойдо.

Кызыгы, референдум алдында 18ден 39 жашка чейинкилердин арасында калктын 36% гана реформаны колдой турганын айтышкан. Алардын оюнда, ай сайын түшүп турчу киреше жакшы көргөн хоббисине же башка иштерине көбүрөөк убакыт бөлүүгө шарт түзмөк.

Өткөн референдумда беш маселе көтөрүлдү. Алардын арасында баш паанек берүү процедурасы жарым жылдан көп убакыт албасынбы деген суроо турду. Бул ойду калктын 66% колдоду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү