1-июндан тарта 2 миң 252 номер берилип, бюджетке 1 млн сомдон ашык киреше түшкөн.

Орто эсеп менен күнүнө 170 комплект мамлекеттик автоунаа номурлары сатылып жатканын мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти .

Эң көп Бишкек шаарынын тургундары 1 миң 112 номур алышты. Ал эми  Чүй облусунда болсо 316, Ош облусунда 311 номур берилди.

Автоунаанын жаңы номурлары 45 өлкөдө колдонулат. Кыргызстан болсо 46-болуп катталды.