Спикер Чыныбай Турсунбеков Швейцариядагы иш сапарынын жүрүшүндө Женева дипломатиялык мектебинин президенти Колум де Сейлс Мерфи менен жолугушту.

Ал КРдин тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясы менен Женева дипломатиялык мектебинин ортосунда кызматташтык мамилелердин жөнгө салынышына кызыкдар экенин билдирди.

“Ошондон улам, алгачкы кадам катары, кызматташтык жөнүндө меморандуга кол коюу аркылуу адегенде анын укуктук базасын түзүү зарыл”, — деди ал.

Ошондой эле, ал парламентаризмди жана корпоративдик башкарууну чыӊдоо максатында, ЖКнын аппараты менен КР ТИМдин 2-3 кызматкерине устаттык программа үчүн стипендия берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү өтүнүчүн билдирди.

Ал эми президент Колум де Сейлс Мерфи дипломатиялык мектеп өз ишин өркүндөтүп жатканын, эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыӊдоо үчүн көпүрө болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди бекемдөө жаатында пикир алышты.