“CASA-1000дин” айланасында ар кандай кептер айтылууда. Ишке ашуусу же ашпасы, Кыргызстан үчүн кандай пайда-зыяны бар экени тууралуу отун-энергетика тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Расул Үмбеталиев жеке оюн билдирген.

Анын айтымында, долбоордун каржысынын 40 пайызын мойнуна алган Азия өнүктүрүү банкы өткөн жылы аны максатсыз жана майнапсыз деп таап, иштешүүдөн баш тарткан.

«ЖК долбоорду каржылоо келишимин 2 окууда жактырган. Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев парламенттин отурумунда аталган өлкөлөргө КР оптимисттик прогноз менен алганда жылына 14млрд кВт/саат, ал эми пессимисттик прогноз менен 8,9 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттой алат деп билдирген. Керектүү кубаттуулукту алууну 2020-жылга, башкача айтканда ГЭСдин курулуп бүтүшүнө пландап жатканын айтты” – дейт Үмбеталиев.

Эксперт аргументтерди келитирип, долбоорду Крыловдун тамсилине жана Андерсендин жомокторуна салыштырды.

“Ички керектөөгө жылына 13-15 млрд кВт/саат өлчөмүндө электр энергия иштелип чыгат. 2011-жылдагы эң көп деп эсептелинген 2 млрд 677 млн кВТ/саат энергиянын экспорттолушу Токтогул ГЭС суунун көлөмүнүн өтө азайып кетишине алып келген. Үч жылдан бери ГЭСке күз-кыш мезгилинде керектелүүчү суу топтолбой келет. Камбар-Ата 1-2, Жогорку Нарын Каскады ГЭСнин толук курулушуна 7-8-жылды талап кылынгандыктан, 2020-жылга пландоо бул жөн гана болбогон кеп. Эл аралык каржы институттары насыяларды бөлгөнү менен аны кайра кайтаруу керек. Улуттук энергетика түйүнү өзү банкрот болуу алдында турат” – деп билдирет.

Ал Кыргызстан үчүн долбоор чоң тобокелдик деп эсептейт. Тажикстан аркылуу экспорттоло тургандыктан транзит акысын берүү керек. Эл аралык келишим шарттарын аткаруу ар дайым эле ишке аша бербегендиктен ал өлкөнүн экономикалык, саясий таасири да болушу мүмкүн.

“Тажикстан менен Өзбекстан саясий жана экономикалык атаандаштыкта болуп келет, бир тарабынан электр энергиясы экспорттоло турган өлкөлөрдүн согушчул- террористтик аракеттери бар. Өзгөчө ал мамлекеттердин электр энергиясынын акысын берүүгө кудурети жетет дегенге да кепилдик жок», — деди эксперт.

Үмбеталиев билдиргендей мындай долбоорлорду коргогон бийлик төбөлдөрү жооп берчү мезгил келгенде пенсиягы чыгып же жумуш ордун которуп кетиши мүмкүн.

«Долбоорлордун эсебинен алар кошумча айлык алат. Чет өлкөгө чыгып келишет жана кымбат машинелерди айдашат. CASA-1000 ойдогудай ишке ашпай калса, Кыргызстан эл аралык аренада уятка калып, келишимдин шарттарын аткара албай калса, ири суммадагы айыптарды төлөп калышы мүмкүн», – деп кошумчалайт.