Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевдин мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр 6-июнда кол койду.
Мамбет Койчиев 1 миң 513 чарчы метр жерди кафе курууга 15 жылга мыйзамдагы көрсөткүчтөн арзан ижарага бергенин облусттук прокуратура билдирген.
Кечээ алар кылмыш ишин козгоп, аны кызматтан алуу боюнча премьер-министрге сунуш жолдогон.