Кыргыз командасы 13:3 менен Гонконгду артта калтырган.
Башкы машыктыруучу Азамат Кадыровдун айтымында, биринчи жана экинчи орунду Египет менен Макао алса, Гонконг жана Корея төртүнчү жана бешинчи орунга татыктуу болушкан.
«Мелдеш катуу жаан убагында болду. Макао менен болгон беттеш баардыгын өзгөрттү. Биз 99% аракеттендик» , — деп оюнчулардын бири кошумчалады.
Команда 2000-жылы түптөлгөн. Оюнчулар бардык дүйнөлүк чемпионаттарга катышууга далалат кылат. Көп учурда кураманы чет өлкөгө жетим балдар үйүнүн тарбиялануучулары коштоп жүрөт.