Кытай коммунисттер партиясы жылда кайталанып келгендей, бул жылы да мусулмандардын Рамазан айында орозо кармоого тоскоолдук жаратууда.

«Партия мүчөлөрү мамлекеттик кызматкерлердин, студенттин, окуучулардын жана балдардын орозо кармоосуна тыюу салды. Тамак-аш саткан дүкөндөр, ашканалар жабылбай иштерин улантышы керек», — деп жазылат Шинжан Уйгур автономиялык районундагы Корла шаарынын интернет сайтында.

haber7.com сайтына дүйнөлүк уйгурлар кеңешинин басма сөз катчысы Дилшат Рашид «Пекин уйгурлардын диний ишенимине коркунуч жаратууда» деп жазган.

Кытайды башкарган расмий атеист деп таанылган коммунисттер партиясы өлкөдө жашаган дин тутуу эркиндиги бар деп жарыялап келет. Бирок айрым диний жамааттарды көзмөлгө алып, тыюу аракеттерин жүргүзүп келет. Ал эми уйгур активистери бул этникалык кысым деп аташса, Кытай өкмөтү терроризм коркунучун алдын-алуу деп эсептешет.

Өткөн жылы ооз ачып жаткан мусулмандарды кытай милициясы кууп таратып, бир нече адам каза тапкан. Мындай көрүнүшкө жапон жарандары каршылык акциясына Токионун көчөлөрүнө чыгып, Кытай бийлигин сындашкан эле.