Учурда орозо кармаган мусулмандар арасында ар кандай суроолор жаралып келет. 

Мындай суроолорго теолог, эксперт Адилет Балтабаев жооп берет.

Ооз бекүтүүдө белгиленген убакыттан кечигип калса эмне кылуу керек?

Уктап калып таң сухурлугун өткөрүп жибергендер бар. Ойгоноору менен дароо даам татпастан ошол күнкү орозосун уланта берсе болот. Ооз бекитүүдө таң сүрүлүп башталган убакытка чейин жабуу керек болсо, ооз ачууда күн батканда ачып, Кудайдан тилек кылып, дароо даам татуу керек.

Оозду билбей ачып алса эмне болот?

Орозо туткан адам билбей тамак жеп, эстеп кетсе анда тамак калдыктарын жутпастан, оозун тез арада чайкап, улантуу керек. Тамактанып бүткөндөн кийин эстесе да орозону бузбоо зарыл.

Ал эми билип туруп оозун ачкандар кандай айып өтөшөт?

Атайын орозосун бузса же оозу бек учурда жыныстык катнашта болсо, 2 ай катары менен орозо кармоосу зарыл. Ага чамасы жетпесе 60 кедей мусулмандарды тойгузуу абзел. Андайга да шарты болбосо мусулмандарга даам таттырып, тооба кылуу керек. Шылтоосу жок ооз ачып алган мусулман кошумча орозону Рамазан айы бүткөндөн кийин кармоосу шарт.

Орозону кимдер кармаш керек жана кимдерге болбойт?

Рамазан айында ар бир жашы жеткендерге, ачка жүрүү сыноосун көтөрө ала турган улгайган инсандарга орозо кармоо парз.  Ал эми орозо тутса ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келген бейтаптар андан бошотулат. Кимдин оорусу убактылуу болсо ал сакайгандан кийин орозо кармоону улантат. Рамазан айы бүтүп калса канча күн коротсо, ошол күндөрдү бирин калтырбай толугу менен кармоосу керек. Хронологиялык бейтаптар боюнча, орозо кармалбаган күндөрүнүн ордуна 60 бейтапты орточо өлчөм менен тойгузуу зарыл. Кош бойлуу аялзаты да 60 кедейди тойгузуп же төрөт жана эмизүү түйшүктөн бошогондон кийин калтырган күндөрдү кармаш керек.

 

Бөлүшүү