Жакында калк арасында Сооронбай Жээнбеков кээ бир министрлерди отставкага кетирет деген сөздөр айтылып келет.

Алар билим берүү Эльвира Сариева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, маданият министри Алтынбек Максүтов. Бул министрлер коомдо кандай сындарга кабылып келет?

«Манас» эпосун түшүнбөгөн билим берүү министри

Эльвира Сариева социалдык тармак аркылуу кызматтан кетүүсүн төгүндөдү. Бирок дагы да болсо коомчулукта анын кетиши тууралуу айтып келишет. Аны айрым ММКлар жаш чабал министр катары сындап келишет. Аны кызматка президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов алып келген деген имиштер айтылып жүрөт. Билим берүү тармагы Сариева келгенден кийин бир топ начарлап кеткени талкууланууда. ЖК депутаты Садык-Шер-Нияз парламенттик жыйында ага “Манас” эпосунан эки сап айтып маанисин түшүндүрүп берүүнү суранган. Бирок ал түшүндүрө албай койгон. Ал министр боло электе вице-премьер-министр болуп эмгектенген. 2014-жылдын декабрынан бери билим берүү министри болуп иштеп келет.

«Өкүрүк» менен келген маданият министри

Алтынбек Максүтов 2014-жылы октябрь айында маданият министри болуп дайындалган. Аны V чакырылыштын депутаты Бөдөш Мамырова айрым маданият өкүлдөрүнүн дүйнөдөн өтүп кетишине күнөөлөгөн. Себеби мурдагы министр Камила Талиеванын убагында маданият кызматкерлери анын ичинде Максутов дагы бар “Мадият өлдү” деген өкүрүк менен өкмөттүн алдына барган. Учурда ушул маселе менен сындалып жүрөт. Мындан тышкары, ал минстр болуу үчүн “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттарына пара бериптир деген такталбаган маалыматтар чыгып кеткен.

КСДПнын «Ден соолук кербени» менен ээрчишкен Батыралиев

Таланбек Батыралиев саламаттыкты сактоо министри медицина тармагына өзүнүн жакын адамдарын алып келип, профессионал кадрлар жумушу жок калып жатат деген кептер айтылууда. Былтыр эл сынына алынган КСДПнын “Ден соолук кербенине” ээрчишип жүргөнү. Негизи мыйзам боюнча шайлоо учурунда мамлекет кызматкерлери бир партияга иштөөсүнө тыюу салынат. Бул боюнча коом сындаган боюнча кала берди. Ал 2014-жылдан тарта саламаттыкты сактоо министри болуп эмгектенет.

Бөлүшүү