Алмазбек Атамбаев улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, маалымат алды.

Төрага макроэкономикалык көрсөткүчтөр, баалардын туруктуулугун кармап туруу жана анын ичинде өлкө ишкерлери менен фермерлерине берилүүчү насыялардын көлөмүн арттыруу аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле, быйылкы жылдын май айында өлкөдө инфляциянын көлөмү жыл башынан бери 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түзгөнүн айтты.

«Банктарды капитализациялоо процесси уланууда. Быйылкы жылдын 1-июлуна алардын капитализациясы 400 млн сомду, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата – 600 млн сомду түзөт», — дейт ал.

Мындан тышкары, алар өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга карата эсептелген Мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө үчүн тобокелчиликти азайтуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында улуттук банк эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүүнүн үлүшүн арттыруу аркылуу экономиканын долларлашуусунун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган бул программаны аткаруу боюнча иш-чараларды  активдүү турмушка ашыруусу керек экенин белгиледи.

Бөлүшүү