Борбор калаа боюнча башкармалыктын кызматкерлери райондордогу бөлүмдөрдө ишке орношот.

Салык кызматы өзү билдиргендей, мекемеде башкаруу түзүмүн реформалоо, кыскартуу жана салык органдарынын кайталанма функцияларын жокко чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Эми башкаруу “район-борбор” болгон эки деңгээлдеги тутумга өтөт.