Дүйнөлүк банк экономиканын өсүү темпинин божомолун чыгарды. Ага башка дүйнө аймактары менен Борбор Азия өлкөлөрү кирген. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

2016-жылдагы дүйнөлүк экономиканын өсүүсү 2,4 пайыздык көрсөткүчтү көрсөткөн. Муну ДБ өнүккөн өлкөлөрдөгү өсүү темпинин жайлашынан, биржа товарларына болгон төмөнкү баалардын бир калыпта бекем сакталышынан, глобалдуу сооданын чабал көрсөткүчтөрүнөн жана капитал агымынын азайышынан деп билдирген.

Быйылкы жылдын январында өсүү темпи жогорураак (2,9%) болушу керек эле. Калыпка салынып жаткан биржа товарларынын экспортчулары жана өнүккөн өлкөлөр мунай менен башка чийки заттарга болгон баага көнө албай жатышат. Бул дагы өсүүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизген деп айтылган.

Ал эми жыл башында экс-өкмөт башчы Темир Сариев 2016-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 5,2 пайыздык чоң көрсөткүчкө жетиши керек экенин айткан. Ал эми инфляция болсо 5-7 пайыздык орточо деңгээлди кармап туруусу зарыл деген.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 3,4% деп берилген. 2017-жылы 3,1 жана 2018-жылы 4,1 болот деген божомол бар.

Таблицада келтирилген көрсөткүчтө Орусия — -1,2%, Казакстан — 0,1%, Өзбекстан – 7,3%, Беларусия- -3%, Армения – 1,9% жана Тажикстан 4%ды көрсөткөн.