Ал бүгүн саат 15:40 каза тапты.
Саламаттык сактоо министирлигинин басма сөз катчысы кабарлагандай, калган жабыркаган адамдардын абалы оор.
Үчөө реанимация бөлүмүндө.
6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.
Жалпы 10 адам жабыркаган.