Учурдагы мыйзамдарга ылайык, бул кылмыш үчүн 3төн 5 жылга чейинки жаза каралган. Депутаттар жазаны күчөтүүнү сунушташууда.
Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Улан Примов (КСДП) буга байланыштуу атайын мыйзам долбоорун сунуштады. Анын пикиринде, улут аралык кастыкты эл алдында козгогондор гана эмес, интернетте кылмыш жасагандар да жоопко тартылышы керек.