Экономика министрлиги кытай бизнесмендери менен форумдарды өткөрүп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырууда.
Акыркы бизнес жолугуушулардын бири 5-июнда Нарын облусунда өттү. Жыйынтыгында, Нарын жетекчилиги менен Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу соода, экономика, туризм жана маданият тармактарында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алышты.
Форумда кыргыз тарап кытай ишкерлерине бир нече бизнес долбоорду сунуштады:
- Долон ашуусунда тоо-лыжа комплексин куруу
- “Байтор” этнокомплексин куруу
- “Арашан” минералдык суусун өндүрүү
- Таш көмүрдөн күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү
- Миң-Кушта жылына 1 млн тонна цемент чыгара турган завод куруу
- Жүн, тери жана тыбытты кайра иштетүүчү ишкананы жандандыруу
- Минералдык суу чыгарган “Эмел” ишканасын күчөтүү
- Логистикалык борбор куруу
- Мал сойгон жай куруу
- Сүт кайра иштеткен ишкана куруу
- Табигый ширелерди өндүрүүчү ишканаларды ачуу
Мындан тышкары, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна улуттук кийимдерди экспорттоо үчүн “Аида” ишканасын калыбына келтирүү маселеси каралды.